7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш- чара өтөт

578
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Улуттук намыс” уюму жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте “Ак калпак күнүнө” карата салтанаттуу иш- чара өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Анда улуттук кийимдердин парады болуп, бул күнгө арналган салтанаттуу маданий иш-чара уюштурулат. Иш- чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп, ага ак калпактардын түрлөрү, улуттук кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюулат.
Улуттук кийимдердин парады “Ала Тоо” кинотеатрынан башталып, “Ала Тоо” аянтына чейин созулат.
Салтанаттуу иш- чара 4-март күнү саат 10:00дө башталат.
579