7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызамык менен ооругандардын саны 17 миңден ашты

561

Казакстанда жыл башынан бери кызамык менен ооругандардын саны 17 миңден ашты. Алардын 6 миңи соңку бир айда катталганын Казакстандын саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, баарынан көп ооругандар Алматы жана Чымкент калааларында катталууда. Ооругандардын 82% балдар. Алардын көбү кызамыкка каршы эмделген эмес.

Учурда 2400дөй бала ооруканада, алардын 30унун абалы оор.

Кызамык Кыргызстанда дагы өсүп жатат. Республикалык иммуннопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, жыл башынан бери кызамык оорусун жуктургандардын саны 4 484 адамга жетти. Быйыл кызамыкка каршы эмдөө албаган үч бала чарчап калган.

562