7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

44 кыргызстандык Түштүк Кореяга иштөөгө жөнөп кетти

491

Кечээ, 28-ноябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Түштүк Кореяга иштөө үчүн бара жаткан кыргызстандыктарды узатты.

Мекемеден белгилешкендей, эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык 44 адамды мыйзамдуу ишке орноштуруу уюштурулган.

Гүлнара Баатырова мыйзамдуу ишке орноштуруу президент Садыр Жапаровдун «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

“Биздин министрлик Улуу Британия, Италия, Перс булуңундагы өлкөлөр менен келишим түздү, алар биздин өлкөдөн келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр», — деди министр.

15 жыл аралыгында эмгек министрлиги Корея Республикасынын ишканаларында 5 миңден ашык кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылгандыгы айтылды. Учурда 2 миңге жакын жараныбыз Кореяда  EPS  программасы боюнча иштеп жатышат. Анын басымдуу бөлүгү тамак-аш, кагаз өнөр жай ишканаларында эмгектенет.

Жатакана жана тамактануу (толук же жарым-жартылай) иш берүүчү тарабынан төлөнөрүн эске алганда орточо эмгек акы 2000 долларды түзөт. Программанын негизги талабы – корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү.

492