7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркмөнстан менен Кытайдын президенттери Садыр Жапаровду куттуктады

561

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы саясий, экономикалык, социалдык жана башка чөйрөлөрдө олуттуу ийгиликтерге жетишкендиги кубандырат. Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүүдө жана ырааттуу түрдө жаңы мазмун менен толукталууда. Сиздин жеке көңүл бурууңузга жана биздин мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүшүнө кошкон зор салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Сизге, урматтуу Садыр Нургожоевич, чын дилимден чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана бакыт-таалай, ошондой эле Сиздин жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө зор ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Үстүбүздөгү жылдын май айында Кытайга мамлекеттик сапар менен ийгиликтүү барып, «Кытай-Борбор Азия» саммитине катыштыңыз. Биз жаңы доордо кыргыз-кытай мамилелерин биргелешип ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрдүк, эки өлкөнүн кызматташтыгы бардык багыттар боюнча ыкчам өнүгүүнүн жаңы баскычына өттү. Мен кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүнө чоң маани берем жана эки элдин бакубаттуулугун жогорулатуу максатында аймактагы тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө дагы чоң салым кошуу менен Кытай жана Кыргызстан ортосундагы жалпы тагдырга ээ болгон коомдоштукту курууга карата күч-аракеттердибизди биргелешип арттырабыз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

 

562