7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы УКМК тарабынан кармалган кызматкерлерди иштен бошотту

688

Буга чейин «Дордой» базарында салык жыйноого жооптуу болгон салык органдарынын төрт кызматкери ишенимин жоготкондугуна байланыштуу иштен бошотулду. Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.

Кызматтан алынышына УКМК тарабынан өткөн жылдардагы «Дордой» базарындагы коррупциялык схема боюнча алардын айыпталып кармалышы негиз болду.

Белгилей кетсек, кармалган беш кызматкердин бирөөсү 2023-жылдын январь айында иштен бошотулган. Ошондой эле, учурда укук коргоо органдары базарларда салык чогултууга жооптуу болгон салык органдарынын кызматкерлеринин мурдагы жылдардагы ишине талдоо жүргүзүп жатканын белгилей кетүү керек.

Салык кызматы бүгүнкү күндө салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер менен байланышты азайтуунун алкагында «Дордой» базарындагы бардык кызматкерлерин чыгарды.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматы коррупцияны жоюу, коррупциянын булактарын аныктоо жана анын жайылышына өбөлгө болгон факторлорду нейтралдаштыруу боюнча кеңири масштабдуу чараларды көрүүдө.

 

 

 

689