Бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумуш тобунун жыйыны өттү. Анда социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келген материалдар аныкталып, каралды.
Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилековго, Айбек Теңизбайга жана Туратбек Мусакеевге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүүгө милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзам талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу эреже бузууларга жол бербөөгө даяр экендигин билдиришти.
БШК шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.
БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга чакырат. Ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууну сунуштайт.
Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.



