Жалал-Абаддык студент окуу жай үчүн электромобиль жасады. Илим министрлиги унааны ЖАМУнун 2-курсунун студенти Алихан Кимсанбаев кураганын кабарлады.
Машиненин өзгөчөлүктөрүнүн бири күн нурунан да энергия ала алат. Аны жасоону университет каржылап, 280 миң сом бөлгөн.
Эми машине келген конокторду окуу жайдын аймагында кыдыртуу үчүн пайдаланылат.




