7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашуулардагы жолдордун абалы кандай?

621

Бүгүн, 12-декабрга карата өлкөнүн бийик тоолуу ашууларындагы жолдордо унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин Токтогул районундагы Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 10:30да алынды.

Белгиленгендей, министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

«Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек — Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана башка жолдордо жааган кар жолчулар тарабынан тазаланып, инерттик материалдар чачылып жатат. Ал эми Барскоон — Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу менен Каракол — Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда бороон болуп жатат, жол ачык. Ошондой эле Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 156-220-чакырым аралыгында кар жаап, катуу бороон болууда. Кардын калыңдыгы 30 сантиметрге жетип калды. Тазалоо иштери жүрүүдө, каттам бар»,- деп берилет маалыматта.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.

622