Массаждык салондун атын жамынып, башка кызмат көрсөткөндөр аныкталганын Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндөгү үй текшерүүгө алынган. Аталган дарек “Массаждык салон” катары ачылып, бирок ал сойкулук жасоо үчүн көмүскө жай экендиги аныкталган. Аны уюштурган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 1990-жылы туулган тургуну жана анда кызмат көрсөткөн Ош шаарынын 2003-жылы туулган тургун милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 160-беренеси ( Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ош шаардык соту тарабынан сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайды уюштурганга шектүүнүн баш коргоо чарасы 10-декабрь күнү Ош шаардык сотунда каралып, 10-январга чейин абакта кармоо боюнча чечим кабыл алынган.