Бишкек шаарындагы тургундардын бирин ири өлчөмдөгү каражатка алдап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-ноябрь күнү милицияга жаран арызы менен кайрылып, анда А.М. атту жарандын үстүнөн мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган.
Жабырлануучу ал адам өзүн шаардагы Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турак жай ээлеринин шериги катары тааныштырып, ишеничке кирип алдап кеткенине даттанган. Шылуун 2018-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта мындагы батир үчүн ижара акысын алып, соңунда анын 800 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатын алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Аталган факт боюнча Октябрь РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган А.М. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.