7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызпатент «40 райондон 40 китеп» долбоорун ишке ашырууну пландап жатат

616

Кыргызпатент «40 райондон 40 китеп» долбоорун ишке ашырууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева бүгүн, 12-декабрда, “Саамалык-17” чыгармалар жыйнагынын бет ачарында жана “Жылдын мыкты китеби” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземинде билдирди.

Иш-чара Адабият күнүнө жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата уюштурулган.

Чыгармачылыкка жаңыдан кадам таштаган авторлор арасындагы “Саамалык – 17” республикалык адабий конкурсу 2022-жылдын 1-декабрында жарыяланып, 2023-жылдын 25-апрелине чейин өтүнмөлөр кабыл алынган. Конкурска катышуу үчүн жалпысынан 106 автордон кайрылуу келип түшкөн. “Саамалык – 17” адабий альманахка 42 автордун чыгармачылык эмгектери кирген. Белгилей кетсек, калемгерлердин туңгуч чыгармалары топтолгон “Саамалык” адабий альманахы 2000-жылдан бери жарык көрүп келе жатат.

Кыргызпатенттин директорунун айтымында, мекеме чыгармачыл инсандарга ар дайым колдоо көрсөтүп келет. “Быйыл айыл жергесиндеги чыгармачыл, сөз баккан инсандарды колдоо максатында “40 райондон 40 китеп” долбоорун ишке ашыруу идеясы келди. Буюрса, быйыл планга киргизебиз”,- деди Керимбаева.

Ошондой эле, бүгүн “Жылдын мыкты китеби” сынагынын жеңүүчүлөрүнө Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сынак 2023-жылдын 10-июлунан 5-сентябрына чейин созулуп, соңку эки жылда жарык көргөн 350гө жакын китептин ичинен жобого ылайык деп табылган: проза багыты – 23 китеп, поэзия – 24, балдар адабияты боюнча – 6 китеп Калыстар тобунун кароосуна сунушталган.

Калыстар тобунун баалоосу жана сунуш-пикирлеринин негизинде төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:

– “Жылдын мыкты жазуучусу” номинациясы боюнча Калкамбай Ашымбаев;
–“Жылдын мыкты прозасы” номинациясы боюнча Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” китеби;
–“Жылдын мыкты поэзиясы” номинациясы боюнча Бердибек Жамгырчиевдин “Романтика” китеби;
–“Жылдын мыкты балдар адабияты” номинациясы боюнча Байтемир Асаналиевдин “Балдан ширин балалык” китеби;
– “Жылдын мыкты басмасы” номинациясы боюнча “Кут-Бер” басмасы;
–Ал эми баш байге, “Жылдын мыкты китеби” номинациясы Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” китебине ыйгарылды.

617