7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 2 үйдү алдамчылык менен саткан эже-сиңдилер кармалды

746

Ошто жасалма документтер менен үйлөр сатылып, өзгөчө ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ушул жылы май айында Ош шаарынын тургуну арыз менен милицияга кайрылып, эже-сиңдилер О.А. жана О.Ж. Кара-Суу районунда башка адамга таандык үйдү жасалма документтер менен алуу-сатуу келишимин түзүү менен өткөрүп берип, жалпы суммасы 21 млн 189 миң сом болгон алтын зер буюмдарын жана акча каражатын алып, изин жашырып кеткендигин билдирип мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Андан тышкары, Ош шаарынын 1965-жылкы тургуну дагы ушундай эле арыз менен кайрылып, бир тууган сиңдиси экөө Кара-Суу районунда үй-бар деп, бөтөн адамдын үйүн көрсөтүп жасалма документ менен сатышканын жана өзгөчө ири өлчөмдө тактап айтканда, 11 млн 300 миң сомдук материалдык зыян келтирилгендигин билдирген.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр тергөөгө келүүдөн баш тартып жүргөн жеринен Кара-Суу РИИБнин тергөө кызматына камсыз кылынып, убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда жогоруда аталган кылмыш ишке тиешеси бар мамлекеттик жана финансылык мекемелердин кызмат адамдары маалым болуп, кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат.

747