Кытайда 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, каза болгондордун саны 111 адамды түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, жер титирөө 18-декабрда Пекин убактысы боюнча саат 23:59да болуп, гипоборбор 10 чакырым тереңдикте жайгашкан. Жер титирөөнүн очогу Кытайдын түндүк-батышындагы Люгоу кыштагында болгон.
«Үйлөр, жолдор жана башка инфраструктуралар жабыркаган. Бир катар айылдарда электр жарыгы жана суу үзгүлтүккө учурады. Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн кырсык болгон жерге 580 куткаруучу, 88 өрт өчүрүүчү унаа, 12 издөөчү ит жана 10 миңден ашык техника жөнөтүлгөн»,- деп берилет билдирүүдө.