7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балык уулоого чыккан тургун байыркы кумура таап алды

802

Таласта балык уулоого чыккан тургун байыркы кумура таап алган. Бул тууралуу  “Манас Ордо” комплексинен кабарлашты.

20-декабрь күнү Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин “Манас” эпосу музейинин директору, илимий кызматкерлер менен Бейшеке айылынын тургуну Алым Токтогуловдун үйүнө барышкан. Таап алган жаран өз сөзүндө ушул жылдын август айында балык уулоо максатында айылдан болжолу 3 чакырым аралыкта жайгашкан жергиликтүү элдин айтуусу боюнча “Кызыл-Мойнок” аталышындагы Киров суу сактагычына жакын жайгашкан жерине барышканын айтты. 

«Балам жер чукуп отуруп калды. Мен бир нерсе таап алды окшойт деп ойлодум. Анан эле ичи кумга толгон бүтүн чопо кумура жана карапа идиштеринин сыныктарын көтөрүп келди», — деди ал.

Тургун кумураны музейге өткөрүүнү туура көргөн. “Манас ордо” кыргыз улуттук комлекси идиш XIV-XVI кылымдарга таандык экенин божомолдоодо. Анын бийиктиги 25 см, диаметри 14,5 см, түпкү таманынын диаметри 12 см. Бетинде эки кош үзүк сызыктар менен оюмдар түшүрүлгөн.

803