7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууну талап кылды

401

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууну талап кылды. 

Анын айтымында, насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматын карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку пайыздык үстөк кошууларын төлөй албай, жабыркап, турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап калып атышат.

«Андыктан, УКМКнын төрагасы Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө алууга чакырып, ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30%дан ашырбоосу керектигин билгиледи. Талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди», — деп айтылат маалыматта.

402