7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки жылдан бери адам уурдоого шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

409

Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында адамдардын тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүп алып, акча талап кылуу максатында адам уурдоо фактысы боюнча 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды.

«Буга чейин, 2020-жылдын декабрь айында “О.Б.Н.” жана уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү Баткен районунун тургунунан 20 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аны уурдап салып кеткен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасы аныкталып, УКМКнын унааны токтотуу боюнча мыйзамдуу талаптарына уурулар тарабынан каршылык көрсөтүлгөн. Жогоруда аталган жаран качып кетүүгө үлгүрүп, издөөгө алынган»,- деп билдиришти УКМКдан.

УКМК кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-чараларынын жүрүшүндө анын жүргөн жери аныкталып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул топтун башка кылмыш иштерин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

410