28-декабрь күнү, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгына издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдөгү зарыл болгон атайы шаймандарды тапшырды.
Ош облусунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен куткаруучуларга ылай сууларды сордуруучу мотопомпа, атайы издөө иштерине багытталган дрон аппараты жана ошондой эле куткаруучулар колдонуучу аркандай шаймандар, кийим жалпы суммасы 3 407 300 сомго сатып алынган.