7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги №1 төрөт үйүнө барды

602

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №1 төрөт үйүндө болуп, капиталдык оңдоодон өткөн операциялык, кабыл алуу жана реанимация бөлүмүнүн иши менен таанышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан оңдоо иштерине 4 млн сом бөлүнгөн.Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Замира Матубраимова алардын мекемеси борбордогу эң алгачкы төрөт үйү экенин, имарат 1939-жылы курулганын белгиледи. Бул жерде жылына 5-5,5 миңге жакын бала төрөлөт. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында  4620 бала төрөлсө, анын 273ү ара төрөлгөн, 78и эгиз.

Ошондой эле, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу үчүн ири көлөмдөгү жабдуулар сатылып алынды, анын ичинен: 6 керебет мониторлору, 6 түйүлдүк мониторлору, 1 операциялык стол, неонаталдык инфузоматтар, буу стерилизатору, кургатуучу меш, биохимиялык жана гематологиялык анализаторлор, коагулометр.

Министр кызматкерлерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди, биримдикти каалап, медицинага кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле төрөттүн жыл сайын көбөйүшүнө байланыштуу энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган жаңы заманбап имарат куруу зарылдыгын баса белгиледи.

 

603