Кара-Көл шаарынын борбордук аянтындагы балаты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 29-декабрга караган түнү 00:50 чамасында чыккан. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.
Эске салсак, мындай окуя Кара-Көлдө үчүнчү ирет катталууда. 2021-жылы жаңы жыл түнү өрттөнгөн, 2022-жылдын 23-декабрь күнү саат 05:00 чамаларда милицияга чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жатканы кабарланган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram