7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Үмүтүбүздү үзбөйбүз». Жоголгон жигиттин туугандары куткаруучуларга ыраазычылык билдирди

557

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголуп жаткан 28 жаштагы жаран 23-январда кечки саат 18:00гө чейин изделди. Кечки жыйында Маматаалы уулу Мухамедаалынын жакын туугандарынын куткаруучуларга карата билдирген ыраазычылыгы менен активдүү издөө иштери аяктады.

«282 адам чыкса, анын 172си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары. Анын ичинде 1 кинолог, 4 атчан бар. Алар 6 дрон, 18 техника менен капчыгайда издөө ишине чыгышты. Ал эми ИИМден 110 адам 1 дрон, 4 техника менен чыгышты. Жалпы 22 техника, 7 дрон тартылды»,- деп билдиришти ӨКМден.

Эске салсак, 14-январда Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып, акыркы жолу ошол түнү саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасынын камерасынан тоо жакты көздөй бара жатканы аныкталган.

Аталган жаранды издөө Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

558