7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадан мүшөктөп акча ташыган жаран кармалды

645

Кадамжай районунун коңшу Өзбекстан менен чектешкен Алга айылынын 32 жаштагы тургуну кармалды. Ал өзү башкарган унаасында коңшу мамлекеттен аткезчилик жол менен мыйзамсыз акчаларды алып өтүп жаткан жеринен колго түшкөн.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө эки капка таңгакталып салынган 11 700 000 рубль жана 110 000 доллар акча далил катары алынганын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 231-беренесинин («Экономикалык контрабанда») негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

646