7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тымызын иштеп келген тамеки чыгарган завод аныкталды

518

Кара-Суу районунда акциздик маркасы жок тамеки буюмдарын өндүрүү жана сатуу боюнча жашыруун заводдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын УКМКдан билдиришти.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган завод 2022-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин тымызын иштеп келгени аныкталган. Тамеки буюмдарын өндүрүү үчүн жабдыктар БАЭден алынып келинип, баасы 470 миң АКШ долларын түзгөн. Сырье жана тамекиге керектелүүчү башка компоненттер чет өлкөдөн ташылып келген. Өндүрүлгөн акциздик маркалары жок тамеки буюмдары Кыргызстандын аймагында сатылып, коңшу республикаларга ташылып кетип турган.

Аталган заводдун аймагында жана тамеки сакталган кампалардан «Marlboro», «Platinum», «Asia», «Blue Sky» жана «WT» маркалары менен акциздик маркалары жок 97 куту тамеки үчүн компоненттердин ири көлөмү табылып алынган.

Аныкталган каналдын уюштуруучуларынын бири болгон чет элдик жаран кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

519