7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тазабек Икрамов: ЖМКларга эмес, фейк-аккаунттарга көзөмөлдү күчөтсөк

578

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун ордуна интернет айдыңындагы фейк-аккаунттар менен күрөшүүнү жолго салууну сунуштады.

“Мен жөнүндө дагы бир топ каралоо, уят кылайын деген маалыматтар болду. Бул маалымат сайттардан чыккан жок. Бул социалдык тармактарда жүзүн жашырган фейк-аккаунттардан тарады. Ошого биринчи фейк маалыматтарды тараткандар менен күрөшсөк”, — деди Тазабек Икрамов.

Ал эми, Маданият министри Алтынбек Максүтов Кыргызстанда фейктерди “кармай” турган мониторинг борбору түзүлөрүн айтып, быйыл ишке кирери күтүлүп жатканын билдирди.

“Facebook, Tik-Tok компаниялары менен сүйлөшүп атабыз. Мониторинг борбору ачылып калса сизге бирөө жалаа жапса, бизге кайрылсаңыз тактап, ким экенин билип бере алабыз”, — деди министр.

 

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

579