7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган жаран кармалды

600

Ош шаарында бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү эрте менен саат 05.55 чамаларында Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндөгү  караоке клубуна башка жарандардын жок экендигинен пайдаланып,  жалгыз отурган администратор кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган.

Шектүү катары Чоң-Алай районунун тургуну Ш. уулу И. Кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүу ушул эле түнү, саат 01.00 чамасында Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү бильярд  клубунун эшигин бузуп кирип, анда кассада турган 22 миң сом акчаны уурдап чыккандагы аныкталды.  Андан соң уурдаган акчасына курсагын тойгозуп, алкоголдук ичимдиктерди ичип, түнкү караоке клубуна кылмыш жасоо үчүн барган.

Ош шаардык соту тарабынан кармалган шектүүнүн баш коргоо чарасы 29-январда Ош шаардык сотунда каралып, 2 айга камакта калтырылды.

Учурда «Зордуктоого аракет жасоо жана уурулук” боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

 

601