Ош шаарында 22-28-январга чейин атомектептердин унааларынын техникалык абалдарын текшерилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, автомектептердин ишмердүүлүгүнүн кемчиликтери үчүн жалпысынан 106 миң 500 сомго айып салышты.
Алардын ичинен:
-Лицензия алуу талаптарын бузгандыгы үчүн 5 протокол;
-Камсыздандыруу эрежесин бузгандыгы үчүн 1 протокол;
-Уруксаты жок кошумча жабдыктарды орноткондугу үчүн 1 протокол;
-Айдоо учурунда окуу эрежесин бузгандыгы үчүн 1 протокол.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы автомектептердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана коопсуздук эрежелерин сактоо максатында мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.