7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүргүнчүлөр менен чуңкурга түшүп кеткен автобусту издөө токтотулду

444

«Майкайнзолото» ААКтын аймагындагы урап түшкөн жерде издөө-куткаруу иштери токтотулганын Tengrinews.kz жазды.

«Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жетекчинин орун басары убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Бул аймакта ар кандай тоо-кен, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү издөө-куткаруу иштеринин бардык түрү коркунучтуу. Иштеп жаткан куткаруучулардын жана экскаваторчулардын өмүрүнө коркунуч жаралат»,-деп түшүндүрүштү Павлодар облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан.

Эске салсак, 4-январь күнү саат 01:25 чамасында Павлодар облусунун Баянауыл районундагы Майкаинский шахтасынын жанында төрт жүргүнчүсү бар автобус тазалоочу жайга түшүп кеткен. Эки адамдын жансыз денеси табылса, 2 адам автобус менен кошо ошондон бери табыла элек. Ал эми, унаанын 55 жаштагы айдоочусу Айып Тлеубергенов менен анын жардамчысы 36 жаштагы Айдос Шаймерден дайынсыз.

 

 

445