7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖЭБдеги авариядан жабыркагандардын абалы оор бойдон калууда

443

Бишкек Жылуулук электр борборунда орун алган авариядан жабыркаган эки жарандын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Haberler басылмасы жазып чыкты.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы комбустиологу профессор, доктор Корай Дашка «Чындыгында жарааттар абдан оор. 60%дан ашыгы 3-даражадагы күйүк. Биз дароо аларды дарылоого кириштик. Учурда бейтаптарды хирургиялык жана медикаментоздук дарылоо жүргүзүлүүдө. Дарылоо узак убакытка созулат», — деди.

Түркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу оорукананын башкы дарыгери Мехмет Волкан Харпут кабарлагандай, тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери хирургиялык реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Алардын абалы туруктуу.

Эске сала кетсек, 4-февралда Бишкек ЖЭБинде орун алган авариядан жабыркаган эки жаран, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери Түркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу ооруканага жеткирилген.

444