7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу Ысык-Көлдүн тоо этектерин бойлой курулат

13

Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолу Балыкчы шаарынан башталып, Сары-Камыш айылынын үстү менен өтүп, андан ары тоо этектей уланат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда темир жолду куруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Алгач Балыкчы шаарында жер бөлүштүрүү иштери башталат.

Ошондой эле көпүрө куруучулардын базасы курулуп бүттү. Долбоорго ылайык, жол боюндагы айылдардын жогору жагына жүргүнчүлөр үчүн аялдамалар курулат. Курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалып жатат.

14