Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов расмий сапар менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунан аны минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.
Расмий сапардын алкагында өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрү жүргүзүлөт. Мындан тышкары Адылбек Касымалиев жана Олжас Бектенов эки өлкөнүн ортосундагы аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумуна катышып, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин он төртүнчү жыйынын өткөрүшөт.



