7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык урологдор Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтөт

466

Бүгүн, 8-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталга барып, уролог дарыгерлер менен жолугушту.

Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда органдарды трансплантациялоону өнүктүрүү боюнча буйругун аткаруу максатында Улуттук госпиталдын 8 дарыгеринен турган бригада түзүлүп, алар эртең Түркиядагы алдыңкы органдарды трансплантациялоочу клиникалардын биринде окуп келүү үчүн учуп кетишет. Биринчи этапта 4 уролог, бир айдан кийин дагы 4 дарыгер жөнөтүлөт.

Жыйында министр Саламаттык сактоо министрлигинде координациялык кеңешме болуп, анда Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы туугандык донорлордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси талкууланын билдирди.

«Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин даярдалган адистер бар. Бул команда окутуудан кийин кыргыз-түрк достугу ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасайт. Андыктан силерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Окууңарга ийгилик каалайм», — деди Бейшеналиев.

467