Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында тоодо чет элдик жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-февралда 53 жаштагы чет өлкөлүк жаран тоого лыжа тепкени кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Издөө иштерине ӨКМдин 15 куткаруучусу дрон менен чыгып, бүгүн саат 12:45те анын сөөгүн кар көчкүнүн алдынан табышкан.
Көз жумган жаран Франциянын жараны экени белгилүү болду.