Чет элдик жарандан 2 млн сом талап кылууга шектелип кармалган Ош ОИИБдин бөлүм башчысы И.К үй камагына чыкты. Бул тууралуу 7-каналга Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн бөгөт чарасы 15-февраль күнү Ош облустук сотунда каралып, үй камак түрү тандалган. Ага айыпталуучунун өздүгү аныкталгандыгын, туруктуу жашаган жери бар экендигин, карамагында жаш балдар бар болгонун жана ал жакшы кулк-мүнөзгө ээ экендигин жүйөө келтирген. Айыпталуучуга коюлган айып, анча оор эмес кылмыш болуп саналгандыгын эске алган.
Ошондой эле, токтом жарыяланган күндөн тартып 5 сутканын ичинде Ош облустук сотуна аппеляциялык тартипте даттанууга укуктуу экендиги белгиленген.