Сузакта 9 жыл мурун жаранды өлтүргөн шектүү кармалганын УКМКдан билдирди.
2015-жылдын 3-сентябрында Сузак районунун Кыр-Жол айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.К.А.нын зомбулуктун белгилери менен сөөгү табылган.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок, бул кылмыштын бетин ачууда ички иштер башкармалыгы тарабынан сегиз жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларында конкреттүү жыйынтык болгон эмес.
Бул ишке байланышту өлтүрүлгөн жарандын жакын туугандары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кылмышкерлерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Киши өлтүрүүнү жасаган адам аныкталып, ал маркумдун айылдашы, 1989-жылы туулган К.А.А. аттуу КР жараны болуп чыккан. Ал мас абалында жана жеке кастыктын негизинде аны өлтүргөндүгүн мойнуна алган.
Кармалган шектүү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, учурда кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.