7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аба ырайына байланыштуу ӨКМ билдирүү таратты

401

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

24-февралдан 25-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:

— Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу автоунаа жолунун 55-115-чакырымында;

— Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 292-305-чакырымынын Долон ашуусунда ;

— 353-357 чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда;

— Казарман — Ак-Тал — Чат автоунаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымынын Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкесинде;

— Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда жолдор тайгак болуп муз тоңот.

«Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ӨКМ алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, жол азыгын, ысык суу, дары-дармек топтомун алууну, зарылдыгы жок болсо, жол жүрүүнү башка күнгө жылдырып турууну сунуштайт.

402