“Ак Жорго” гараж кооперативинин ээлерине гараждарын өз ыктыяры менен демонтаждоо үчүн 2027-жылдын 1-мартына чейин кошумча мөөнөт берилди.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, жалпы аянты 2,183 гектарды түзгөн муниципалдык жер тилкесинде мектеп жана көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында убактылуу пайдаланууга берилген.
Буга чейин аймакты 2026-жылдын 7-декабрына чейин бошотуу милдеттенмеси берилген. Бирок гараж ээлеринин кайрылууларын эске алуу менен мөөнөт узартылган.
Жер тилкеси бошотулгандан кийин инвестор курулуш иштерин баштоого мүмкүнчүлүк алат. Курулуш үч жыл ичинде аяктап, ижара мөөнөтү бүткөн соң объектилер муниципалдык менчикке өткөрүлөт.



