7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага барды

1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди.

Мамлекет башчысынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Эске сала кетсек, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, сессиялар аралык мезгилдеги уюмдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашат.

2