7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда

561

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында Алтынбек Максутов билдирди.

Максутов бул маселе учурда талкууланып жатканын белгиледи.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргызстандын эл аралык денгээлдеги эң ири долбоору. Ал көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргызстан өкмөтү тарабынан демилгеленген.

2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында (Кыргызстан), 2022-жылы Изник ​​шаарында (Түркия) өтсө, 2024-жылы 8-14-сентябрда Астанада (Казакстан) өтөт.

562