7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алыскы Эңилчек айылындагы мектептен өрт чыкты

604

Бүгүн, саат 9:00дө Ак-Суу районунун сырт аймагында жайгашкан Эңилчек айылында жергиликтүү мектептин имаратынан өрт чыккан.

Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, өрт учурунда имаратта адамдар болгон эмес.

Мектепте 23 окуучу билим алат. Аталган мектеп 1980-жылы кирпичтен курулуп, 4 класс, мугалимдер бөлмөсү, ашкана жана актовый залдан турат.

Учурда, окуучулардын жана мугалимдердин өмүрүнө эч коркунуч жок.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, бул кырсыкаа байланыштуу тиешелүү кызматтарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө коопсуздукту камсыздоо жана окуу процессинин үзгүлтүккө учурашына жол бербөө боюнча так тапшырмаларды берди.

Учурда жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Окуу процесси үзгүлтүккө учуратпоо максатында, айыл өкмөттүн имаратында убактылуу билим алышат.

 

 

 

605