7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлмөгө чөгүп каза болгон бир туугандар. Ата-энесинин эч кимге доосу жок

668

2-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 бала музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткен. Үч бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Калган эки баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Бул окуя боюнча Чүй ОИИБ менен байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

«2-март күнү болжол менен саат 12:30 чамасында Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушундагы көлмөгө жашы жете элек балдар муз тепкени барышып, ойноп жаткан учурда муз жарылып, анын кесепетинен 2015-жылы туулган А.Н. сууга чөгүп, аны куткарам деп 2013-жылы туулган А.У. аттуу эжеси кошо чөгүп кеткендиги аныкталган.

Учурда каза болгон жаш өспүрүмдөрдүн ата-энеси такталып, окуя боюнча эч кимге эч кандай арыз доосу жок экендигин билдиришип, балдардын сөөгүн соттук мединциналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Аталган окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө»,- дешти.

669