Бүгүн күн ачык болот. Айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -2…+3, Талас аймагында 0…-2, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл өрөөнүндө -3…+2 жылуу болсо, Нарында -1…-6 градус суук болору болжолдонду.
Борбор калаа Бишкекте 0…+2 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ош шаарында түнкүсүн кар жаап, күндүз +5…+7 градус жылуу болот.
Иш күнүңүздөр көңүлдүү өтсүн, окурманым!