7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Екатеринбургда кыргыз мигранттарына ыдык көрсөткөндөр үчүн омбудсмен Мерзлюкова кечирим сурады

515

Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун: Орусиянын Екатеринбург шаарында январдын башында жергиликтүү тартип коргоо органдары мигранттарга каршы аракет көрүп, бир ишканада эмгектенгендерди кармап, аларга ыдык көрсөтүп, казча бастырган. Кордолгондордун арасында Кыргызстандан барган 3 жигит да бар экен, текшергенде, алардын документтеринин баары ордунда жана туура болуп чыкты.

Мен Екатеринбург шаарына барып, Свердлов облусунун омбудсмени Татьяна Мерзлюкова менен жолугуп, сүйлөштүм. Мындай окуяны ал сынга алып, аны – адам укуктарынын бузулушу деп сыпаттады. Маселе боюнча Кыргызстандын консулдугу дагы жакшы иштеп жатыптыр. Андан соң Москвага барып, Орусия омбудсмени Татьяна Москалькованын аппарт жетекчиси жана бышка кызматкерлери менен дагы маселени талкууладык…

516