7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рамазан айына кантип даярдануу керек?

404

Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардын бири. Ички дүйнөбүздү жаман түшүнүктөрдөн, сырткы келбетибизди туура эмес кыймыл-аракеттерден тазалаган орозо Рамазан айында кармалат. Орозонун шарияттагы мааниси — милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан баштап, күн батканга чейин орозону бузуучу нерселерден, тактап айтканда, жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан тыйылуусу.

Рамазан айына жүрөгүбүз тазаланып, күнөөлөрдөн арылып баштаганда көбүрөөк сооп алабыз. Ыйык рамазан айына кантип даярдануу керек? Эмне кылуу керек? Бул тууралуу билип алыңыз.

Алгач карыз орозолорду кармоо

Ѳткѳн жылкы Рамазанда белгилүү  бир себептер менен кармалбай калган орозо күндѳрдүн ордун толтуруу керек. Тактап айтканда каза орозолорду келе жаткан Рамазан айына чейин кармап бүтүрүү керек.

Кечирим суроо

Рамазанга чейин бири-бирин таарынткан болсо, капа кылса кечирим сураганы жакшы. Туугандык мамилени үзгөн болсо, барып жарашканы туура.

Карыздардан кутулуу

Орозого чейин карыздарыңыз болсо, алардан кутулганга аракет жасаңыз. Хадисте: «Үй-бүлѳсү муктаждыкта жана карыздары бар адамдын кайрымдуулугу кабыл болбойт» деп айтылган.

Жакшы сөздөрдү сүйлөө

Күнүмдүк жашоодо оозуңуздан жаман сөздөр чыгып жүрсө, ыйык күндөргө даярданууда бул жаман сапаттан арылганыныз оң. Ичимдик ичкенди дагы токтотуу абзел. Ошондой эле жалган сүйлөгөндөн алыс болуңуз.

Жакшы иштерди жасаңыз

Рамазан айы жакындаган сайын жакшы иштерди жасоого жүрѳктү даярдоо керек. Ыйык Куранды окуу, намаз окууга мечитке баруу, кайрымдуулук иштерин кылуу…

 

405