7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокуратуранын ак калпакчан мырзалары бир сүрөттө…

351

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана мекемедеги 100дөн ашуун кызматкерлер улуттук баш кийимчен жумушка келишкен. Бул тууралуу Зулушев сүрөт жүктөп, кыргызстандыктарды Ак калпак майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мырзалар! Кырылган сайын күчөгөн кыргыз, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз ак калпагы менен нечен кылым, нечен доорду карытып келди. Андыктан, Ак калпак жөн гана баш кийим эмес, байыркы менен бүгүнкү күнү, ата менен баланы, баба менен урпакты байланыштырган, улуу элдин уулдарына калтырган улуттук мурасы десем жаңылышпайм. Бул улуттук баш кийимибизди кийген адам, элибиздин эзелки тарыхына тамырлашып, калайык калкыбыздын тагдырына бекем байланат.

Анткени, ата-бабаларыбыздын – урпактарына калтырган маданий табериги улуттук аң-сезимдин негизи болуп, муундардын жана доорлордун руханий байланышын бекемдөөдө,  өлкөбүздүн маданий саясатын калыптандырууда негизги ролду ойнойт. Ошондуктан ата мурасын аздектеп, улуу муундан калган таберикти урпактарга кастарлап өткөрүп берүү ар бирибиздин милдетибиз!

Кадырлуу кыргыз элим! Улуттук көркөм дөөлөттөрүбүздүн көрөңгөсү, аталарыбыздын асыл мурасы — Ак калпак күнү менен чын дилимден  куттуктайм!

Башыбыздан ак калпагыбыз түшпөй, элибиз аман, журутубуз бүтүн болсун!  Майрамыңыздар менен!”,-деген куттуктоо калтырган.

 

352