Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка катыштыгы бар курьер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.
Февралдын аягында Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына тургун арыз менен кайрылып, телефон алдамчылыгы тууралуу билдирген. Түнкү маалда белгисиз адамдар жабырлануучунун үйүндө орнотулган телефонго жана уюлдук телефонго чалышып, “кызың жол кырсыгына кабылды” деген шылтоо менен алдап, 12000 АКШ долларын жана 250 миң сомун ээлеп алышкан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү “Алдамчылык” менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жабырлануучулардан акча каражатын алып, үчүнчү жактардын эсебине жиберген курьер кармалды. Кармалган жаран 2003-жылы туулган Ш.уулу Т. борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин студенти болот. Анын мындан башка дагы беш телефон алдамчылык кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталды.
Шылуун Бишкектеги 4-кичирайонундагы жабырлануучулардан 250 миң сом алып кеткен. Андан соң,Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган тургундан 29000 АКШ долларын, “Чыгыш-5” кичирайонунун жашоочусунан 265000 сомун жана 300 АКШ долларын, “Жал” кичирайонунун бир тургунунан 9000 АКШ долларын, ал эми экинчи тургунунан 250 000 сомун, 900 АКШ долларын, 1500 евросун алып кеткен. Жогорудагы курьер бул жабырлануучулардын үйүнө келип, акча каражаттарын алып турган.
Телефон алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу алдамчыларга жабырлануучулардан акча каражатын алууга жардам берген курьерлердин дагы кылмышка тиешелүүлүгү каралууда.