7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз пайдаланылган 11 млн сом кайтарылды

569

УКМК тарабынан Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекетке 11 миллион сом кайтарылды.

Тактап айтканда, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, бөлүмдүн айрым кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин эсебине акча каражаттарын мыйзамсыз түрдө аванс катары которушуп, кийин өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган.

КР Эсептөө палатасынын аудитордук корутундусуна ылайык, мыйзамсыз которулган акча каражаттын суммасы 11 млн сомду түздү.

Белгилей кетсек, аталган фактыдан улам  Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси К.Б.Т. жана  башкы эсепчиси Ч.Н.У. ээлеген кызматынан бошотулду.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

 

 

570