7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалды

558

Бишкектеги ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактысы менен спорт мектебинин директору кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунан кайрылуу келип түшкөн. Анда спорттук мектептердин биринде мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү учурунда спорттук инвентарлардын көлөмү инвентаризациялык отчетко туура келбеген фактылар аныкталган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке бир миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.К. аттуу жаран (ред.: бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев) аталган мекеменин директору кызматына дайындалып жатканда жооптуу адамдарга Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Башкаруу жана бизнес институтунун дипломун бергени аныкталган. Бирок, алынган расмий маалыматтарга ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн диплом С.К. наамына берилген эмес жана архивдик документтердин жана окуу жайдын өздүк курамы боюнча буйруктардын арасында көрсөтүлгөн эмес.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (Документтерди жасалмалоо) каралган кылмыш белгилери боюнча өзүнчө кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.К. шектүү катары аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББдин УКЖна киргизилген. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан шектүүгө карата үй камагына чыгаруу чарасы колдонулган.

 

 

559