7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кристалл» ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды

227

Жарым өткөргүч материалдарды (кремний) чыгаруучу «Кристалл» ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, маркум Камчы Асанбектин аффилирленген жактары тарабынан «Кристалл» ААКнын активдерин жана мүлктөрүн мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча ишкананын аймагында атайын «Компьютер Павер центр» ЖЧК түзүлүп, ал 2019-жылдын май айынан тарта, 2020-жылдын октябрына чейин тийиштүү уруксат документтери жок туруп, майнинг-ферманы жабдуу жана техникалык жабдуу иштерин аткарып келген.

Аткаруучу директор Таш-Көмүр шаарынын тургуну О.М. аталып, ал эми финансы каражаттарын иш жүзүндө башкаруучу катары Т.А.К. (маркум кримавторитет Көлбаевдин “өкүл баласынын» жакын адамы) болгон. Майнинг-ферманы ишке киргизүүнүн негизги максаты Көлбаевдин кылмыштуу структураларын каржылоого багытталган.

Ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн «Аю-Холдинг» корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган, анын курамына “НурАлЭнерго” энергетикалык компаниясы кирип, ал “Кристалл” заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырып, муну менен К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөк көрсөткөн.

Ошол эле учурда «Кристалл» ААКнын мүлк комплекси банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен «Компьютер Пауэр Центр» ЖЧКсынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилген.

Жыйынтыгында Таш-Көмүр райондук сотунун 10-январдагы чечими менен «Кристалл» ААКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Белгилей кетсек, «Кристалл» ААК жарым өткөргүч материалдарды (кремний) чыгаруучу завод болуп саналат жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Заманбап электротехника тармагындагы технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу (интегралдык микросхемалар, дискреттик приборлор, күн батареялары ж.б.) чыгарылып, бул ишканага чет өлкөлүк инвесторлор активдүү кызыгуусун көрсөтүүдө.

 

228