«Жакшыны жакшы деш керек. Бүгүнкү күндүн эсебинен бир позитив. Негизги чечкиндүүлүк абдан жакшы сапат, эгер аны жакшы жагына пайдалансак. Чечкиндүүлүк кылып, президентибиз Кытайдагы заводуна чейин барып, жаңы автобустарды алып келди эле, ушул автобустарга рахмат айткан адамдар аябай эле көп. Менин көп досторум чет элде жашап, окуп келген кыргыз жаштары, алар ушу автобустар чынында эле Европадагыдай, аябай сонун сапатта дешип, бир ооздон макташат. Кечээ эле четтен келген бир досум аябай алкап, «керек болсо ар бир жеринде телефон заряддоого мүмкүнчүлүгү бар, ичи кенен, баасы болгону 17 эле сом, унаамды айдабай калдым, автобус менен эртерээк жетчү жериме жетем»,- дейт. Чынында бул автобустар сонун экен, эми дагы көбөйтүп, шаар ичиндеги “маршруткаларды” сүрүп чыкса сонун эле болгону турат. Баары салыштыруудан келип чыгат дегендей, Тулеевдин калдыраган автобустары менен Жээнбековдун Өзбекстандан алып келген томпойгон “буткаларынан” төөлүк өйдө болуп жатпайбы. Бир эле «носу» автобустардын айдоочулары мурунку маршрутниктерби деп калам, бири-бири менен жарышып, жөөлөшүп жүргөнүн көп көрөм. Ошентип кырсыктаганы да көп болуп жатат. Ушул жагы чечилсе сонун болмок эле. Анын бирден-бир чечүү жолу жанагы электрондук төлөмдөр. Барыбыз электрондук төлөмдөргө өтүп алсак, айдоочулар айлыка гана олтурса, аялдамаларга убактысында келе тургандай кылып GPS менен көзөмөл кылып турса жарышпай калат эле. Бирок мен бир нече жылдан бери автобуска олтура элекмин, коомдук транспортто жүргөндөр ой жазып коюңуздар, туура эле айттымбы же жок жерден пахта койдумбу?»,- деди ал.