Ош облусунун аймагында Өзбекстанда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстандын Андижан облусунун 1973-жылы туулган К.Ш.Т. аттуу жараны кармалган. Ал Өзбекстандын аймагында диний-экстремисттик иштерге аралашкандыгы, ошондой эле Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салгандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Учурда кармалган жаран Жазаларды аткаруу кызматынын №5 тергөө абагына киргизилди.