7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

948

«Мал ууру» иш-чарасынын жүрүшүндө Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери тарабынан мал уурулук менен алектенген кылмыш тобунун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Өткөн жылдын декабрь айынан баштап үстүбүздөгү жылдын март айына чейин Жети-Өгүз районунун Саруу айылында мал уурулук көбөйгөн.

«Мал ууру» иш-чарасынын жүрүшүндө Субару-Форестер унаасы менен мал ташып бара жаткан эки адам токтотулат. Текшерүү учурунда алардан тийиштүү уруксат кагаздары жок болуп чыккан. Териштирүү иштеринин натыйжасында ташып бара жаткан эки баш койду уурдап бара жатканы аныкталган.

Уурулукка шектелгендер ошол эле айылдын тургундары 23 жаштагы М.А. жана 21 жаштагы К.М. аттуу жарандар кармалып, күнөөлөрүн моюнга алышкан. Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө алар 21 баш койду уурдашканы аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Милициянын тергөө кызматы тарабынан кылмышка шектүү катары кармалгандардын башка ушул өӊдүү кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

949